
Президент
Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам Конституциянын 13-беренесин иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам мамлекеттик тилди колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт.
Мыйзамга ылайык:
- 3-берененин 2-бөлүгү менен мамлекеттик тил Кыргызстандын жарандарына, туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат деп аныкталган;
- 4-беренеде мамлекеттик тилин милдеттүү пайдалануу чөйрөлөрү аныкталган, тактап айтканда мамлекеттик тил милдеттүү түрдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде жана аталышында колдонулат;
- 11-беренеде (Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын аталыштары) биргелешкен, чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылат;
- 20-берене менен телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек жана көрсөтүү тартиби «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет;
- мамлекет китеп басып чыгаруу жана китеп жайылтуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил анын ичинде көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү форматта мамлекеттик тилге которууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтөт;