Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана анын орун басарларынын маалыматы угулду.
“Мен буга чейин ар бир министрдин орун басарына министрликтин ишмердүүлүгүнүн белгилүү бир багыты бөлүнүшү керектигин эскерткен элем, бүгүн биз бардык министрлердин орун басарларынын аткарган иштери боюнча отчётун угабыз”, – деди Жапаров.
Экономика жана коммерция министри аткарылган иштердин натыйжасында макроэкономикалык туруктуулук камсыздалганын, ИДПнын өсүү темпи 3,9 пайызды түзгөнүн жана 453,4 миллиард сомго жеткенин белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 5,2 миллиард долларды түзүп, былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,9 пайызга, анын ичинде импорт 29,2 пайызга, экспорт 21,9 пайызга өстү”, – деди Амангелдиев.
Ал ошондой эле Каатчылыкка каршы план толугу менен аткарылганын кошумчалады.
Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы экономика жана коммерция министринин жана анын орун басарларынын отчётторун эске алып, министрликтин мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча сын-пикирин айтуу менен бир катар сунуштарды киргизди.
Ошондой эле өкмөт башчы өнүктүрүү фонддору аркылуу ишти күчөтүүнү жана жаңы жумуш орундарынын санариптик картасын көрсөтүүнү тапшырды.
Мындан тышкары ал экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абрахмановдун ишин сынга алды.
“Мага антидемпингдик пошлина эмне экенин билбеген министрдин орун басарынын эмне кереги бар? Министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек, министрдин орун басарын айтпай эле коёюн”, – деди Жапаров.
Ошондой эле ал бейшемби күнү Министрлер кабинетинде быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жыйын өткөрүлөрүн, анда ар бир министрдин орун басарына жеке баа берилерин белгиледи.
“Сатуу рыногу өсүп жатат, ага дагы тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Сиздин 8 орун басарыңыз эмне иш кылып жүрөт түшүнбөй жатам! Ошондой эле практикалык экономикага, Абу-Дабидеги, Бендер-Аббастагы соода портторундагы жерлерибизге көңүл бурушубуз керек, алардын ишмердүүлүгү менен ким алектенип жатат. Контрабандалык товарлардын импортуна каршы күрөштү күчөтүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, талыкпай иштешибиз керек”, – деди өкмөт башчы.