Төрага Нурлан Шакиевдин иниси Жыргалбек Шакиев Ленин районуна аким болду

Жыргалбек Шакиев Бишкектин Ленин районуна аким болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда калаа мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Жыргалбек Шакиев 1979-жылы Кербен шаарында туулган. 2020-жылы “Мекенчил” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. 2021-жылдын январь айынан май айына чейин Аксы районунун акими болгон. 2021-жылдын май айынан баштап Чүй облусуна караштуу Чүй районунун жетекчилик кызматын аркалаган.

Белгилей кетсек, Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин бир тууганы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан