Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Ага ылайык, аскердик келишимдин мөөнөтү 5тен 10 жылга жана зарылчылык жаралган учурда аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү 12ден 14 айга чейин узартылат.
"Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Мыйзам 7-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.