Этникалык кыргыздарга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мыйзам тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттин мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

"Эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга бажы чек арасы аркылуу жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү маалымдалды.

Эске салсак, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан