Сыйкырчы, Акула, Бүркүт... Белгилүү спортчулардын өзгөчө лакап аттары тууралуу сөз кылабыз

Спорт ааламында көпчүлүк спортчулардын күйөрмандар тарабынан ыйгарылган өзгөчө каймана ысымдары болот. Каймана ысым бул жөн гана спортчунун экинчи аты эмес. Ага жетүү да көптөгөн эмгекти талап кыла турган чоң иш экендигин баса белгилей кетишибиз керек. Бүгүн дүйнөлүк жана кыргызстандык спортчулардын ичинен өзгөчө лакап атка ээ болгондор тууралуу сөз кылабыз.

Роналдиньо - бразилиялык футболчу

Каймана аты - "Сыйкырчы"

Роналдиньо - белгилүү бразилиялык чабуулчу. Футбол боюнча дүйнө чемпиону (2002-жыл). Испаниялык "Барселона", франциялык "ПСЖ" жана италиялык "Милан" клубдарында оюн көрсөтүп, футбол ааламында атагы чыккан. Роналдиньону көпчүлүк күйөрмандар өзүнө таандык өзгөчө оюн стилинен улам "сыйкырчы" деп атап коюшат. Мындан тышкары ал "Ронни", "Падыша" жана "Диньо" каймана аттары менен да таанымал.

Майк Тайсон - америкалык мушкер

Каймана аты - "Темир адам"

Майк Тайсон - бокс тарыхындагы эң белгилүү мушкерлердин бири. Оор салмак категориясында дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Бокс ааламында кайталангыс рекорддордун ээси. Майк Тайсон рингдеги чеберчилигинен улам бокс сүйүүчүлөрү арасында "Темир адам" деген лакап атка ээ болгон. Ошондой эле анын сүрүнөн улам көпчүлүк "Планетадагы эң коркунучтуу адам" деп да атап коюшат.

Хабиб Нурмагомедов - UFC чемпиону

Каймана аты - "Бүркүт"

Хабиб Нурмагомедов - белгилүү орусиялык мушкер. UFC'нин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. Карьерасында 29 жолу октагонго чыгып, бардыгында жеңишке жетишкен. Анын UFC'деги башкы атаандаштарынын бири Конор Макрегор менен болгон беттеши азыркыга чейин көпчүлүк күйөрмандардын эсинде. Уруш өнөрүндөгү чеберчилигинен улам ал "дагестандык бүркүт" атка конгон.

Лионель Месси - аргентиналык футболчу

Каймана аты - "Келгин" (инопланетянин)

Лионель Месси - аргентиналык футбол жылдызы. Планетадагы эң мыкты футболчулардын бири. Дүйнө чемпиону (Катар-2022). Футболдогу миллиондогон күйөрмандардын сүймөнчүгү. Көпчүлүк анын оюндагы чеберчилигин эч кимде жок тубаса талант катары баалап, Мессини "башка планетадан келген футболчу" деп аташат. Ошондой эле Мессинин кыска боюнан улам "бүргө" деген да лакап ат ойлоп чыгарылган. 36 жаштагы футболчу учурда АКШнын "Интер Майами" клубунда ойнойт.

Валентина Шевченко - UFC чемпиону

Каймана аты - "Ок" (Пуля)

Валентина Шевченко - UFC'нин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. Аталган уюмда чемпиондук титулун 7 ирет ийгиликтүү коргоп, айым мушкерлер арасында рекорд жараткан. UFC'де салмак категориясынан көз карандысыз айым мушкерлердин рейтингинде 3-орунда турат. Валентина Шевченкону көпчүлүк күйөрмандар "Ок" каймана аты менен тааныйт. Ал эми Кыргызстанда "Сары кыз" деген атка конгон. Андан тышкары "Валя" деген да каймана аты бар.

Акжол Махмудов - грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону

Каймана аты - "Акула"

Акжол Махмудов - грек-рим күрөшү боюнча Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси. Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү жана Азиянын 3 жолку чемпиону. Дүйнөнүн учурдагы эң белгилүү балбандарынын бири. Акжол Махмудовдун каймана аты "Акула". Ал дайыма килем үстүнө акуланын сүрөтү түшүрүлгөн кийим менен чыгат. Балбан өзү бул ысымды орусиялык балбан Арслан Зубаировдон таасирленип, тандап алганын билдирген.

Кутман Кадырбеков - Улуттук курама команданын дарбазачысы

Каймана аты - "Кутмэн"

Кутман Кадырбеков "Кутмэн" каймана атына 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия чемпиондугунда ээ болгон. Жаш дарбазачы аталган биринчиликте өзүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, улуттук кураманын 1/8 финалга чыгышына чон салым кошкон. Кыргызстан андагы алгачкы беттешинде Кытай менен кез келип, тажрыйбалуу дарбазачы делген Павел Матяштын чабал оюнунун кесепетинен 1:2 эсеби менен жеңилип калган. Тайпалык баскычтагы Түштүк Корея менен болгон экинчи оюнда машыктыруучу Александр Крестинин жаш экенине карабай Кутман Кадырбековду талаага чыгарган. Ал беттеште Түштүк Кореянын сериялуу голдорун көрөбүз деп күтүп отурган күйөрмандар тескерисинче кыргызстандык жаш дарбазачынын керемет "сейфтерин" көрүп кайтышкан. Кутман Кадырбеков кийинки Филиппин жана БАЭ менен болгон беттештерде да мыктылыгын көрсөтүп кыргызстандык күйөрмандар арасында "Кутмэн" деген атка конгон.

Гүлжигит Алыкулов - Улуттук курама команданын футболчусу

Каймана аты - "Кыргызстандык Месси"

Футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчусу Гүлжигит Алыкуловдун көк майсаң үстүндөгү чеберчилиги, ылдамдыгы жана ыкчамдыгы көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүнө маалым. Ал дайыма атаандаш команданын бир канча коргоочусун катары менен жазгырып өтүп, дарбазага узаткан соккулары менен өзгөчөлөнүп келет. Күйөрмандар Гүлжигит Алыкуловду мындай талантынан улам дүйнөгө белгилүү аргентиналык футболчу Лионель Мессиге окшоштуруп, ага "кыргызстандык Месси" деген каймана ысым ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан