Чүй облусунун Аламүдүн районунда апасы менен сууга түшүп кеткен кыз изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, жардамга 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Анын натыйжасында куткаруучулар тарабынан А.Э. аттуу аял кишинин сөөгү суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Кошумча маалымат берилет.