Казакстандык ырчы Say Mo Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өткөн Whiteparty Fest фестивалында сахнага чыгуудан баш тартты. Буга уюштуруучу тарап ырчыга гонорарды толук төлөп бербегендиги себеп болгонун казак ырчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ысык-Көлдөгү ырдоом жокко чыгарылды. Биринчиден, алар гонорардын калган бөлүгүн төлөп беришкен жок. Мен бекер же жарым суммага ырдабайм. Экинчиден уюштуруучулар абийирсиздик кылышты. Алар ал тургай мейманканага дагы төлөшкөн эмес", - деп жазды Say Mo.
Өз кезегинде уюштуруучулар милдеттенмелерин 80 пайызга аткарганын, казак ырчысы жарым саат калганда сахнага чыгуудан баш тартканын билдиришти.
Аталган фестивалга билеттер 3 миң сомдон, 8 миң сомго чейин болгон.