АКШ Крым көпүрөсүндөгү жардырууга тиешеси жок экенин билдирди

АКШнын Крым көпүрөсүндөгү чабуулга тиешеси жок. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Буга чейин АКШдагы Орусиянын элчиси Анатолий Антонов Крым көпүрөсүндөгү чабуулда АКШны украиналык радикалдарды коргоп жатат деп айыптап, АКШ Киевдин кылмышына ортоктош болуп жатканын билдирген. Ага жооп кылып Миллер: "Бул такыр туура эмес",- деп билдирген брифингде.

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү Крым көпүрөсүндө жардыруу болуп, жубайлар каза тапкан. Ал эми алардын жашы жете элек кызы ооруканага жаткырылган. Окуя боюнча Орусиянын Терроризмге каршы улуттук комитети Киевди күнөөлөп, эки учкучсуз учактын жардамы менен теракт жасалганын айткан.

Учурда Крым көпүрөсүн калыбына келтирүү иш аракеттери көрүлүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-07-19 13:58:00
Акш мн Россияга мурдунарды тыкпай эле койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан