Катуу жааган жаандан улам Москванын көчөлөрүн сел каптады (видео)

Кечээ, 18-июлда түштөн кийин башталган жаандан улам Орусиянын борбор калаасы Москвада сел жүрүп, бир нече көчөлөрдү суу каптады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, катуу жамгыр бүгүн таңга чейин уланган. Ошондой эле жаандын кесепетинен Москванын борбордук бөлүгүндөгү жолдо, метродо жана "Маданият паркында" сел жүргөн. Айрым райондордо дарактар автоунааларды басып калган.

Бийлик өкүлдөрү тургундарды өтө зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоону жана коопсуздук эрежелерин сактоону, анын ичинде бак-дарактардын түбүнө жашынбоону жана алардын жанына унааларды токтотпоону эскертип жатканы айтылды. Мындан сырткары, сейил бактар менен зоопарктар убактылуу жабылганы кабарланды.

Катуу жааган жаандан улам Москванын көчөлөрүн сел каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан