"Менттердин согуштары" ("Ментовские войны") жана "Сынган чырактардын көчөсү" ("Улица разбитых фонарей") телесериалдарынын актёру Александр Орловский каза болгонун Kino-teatr.ru билдирди.
Маалымдалгандай, актёр 12-июлда каза болгон. Ал бир нече күн эч ким менен байланышкан эмес. Үч күндөн кийин анын батиринен сөөгү табылган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, өлүмүнүн себеби жүрөк оорусу болгон.
Александр Орловский Александринский театрында, ошондой эле "Литейнде" ("На Литейном") жана "АпАРТе" театрларында кызмат кылган. Ал таанымал "Сынган чырактардын көчөсү" ( "Улица разбитых фонарай") , "Менттердин согуштары" ("Ментовские войны") жана "Азазель" сериалдарында роль жаратып, эпизоддук ролдорду аткарган.