Министрлер кабинети Циндаодон келген бизнес-делегацияны кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Qingdao Beverage Group Co Ltd. корпорациясынын төрагасы Ван Да башында турган Кытайдын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана Кытайга азык-түлүк экспорттоо жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Байсалов Кытай корпорациясы менен өз ара пайдалуу кызматташтык ата мекендик азык-түлүк товарларын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Өз кезегинде Ван Да республиканын экспорттук потенциалын чыңдоо, соода байланыштарын өнүктүрүү жана Кыргызстандын экономикасына жаңы технологияларды тартуу процессине активдүү көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди.

"Кытай суусундук, минералдык суу жана шарап азыктарын өндүрүү боюнча алдыңкы корпорациясынын жетекчилиги Кыргызстанга июнь айынын башында Эдил Байсалов жетектеген Өкмөттүк делегациясынын Циндаого (Шандунь провинциясы) болгон сапарынын жыйынтыгында келип отурат. Үч күндүк сапардын жүрүшүндө Кытай корпорациясынын өкүлдөрү Кыргызстандын рыногун жана анын эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдешери болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан