Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү  

Кечээ, 19-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Сүйлөшүүдө өкмөт башчылар соода-экономикалык кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Мындан тышкары эки тарап Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурушкан.

Эске салсак, августтун соңунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын жетекчилиги менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан