Кечээ, 19-июлда Кабул шаарында ооган аялдары сулуулук салондорунун жана чач тарачтардын жабылышына байланыштуу нааразычылык акцияларына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, митингге 50дөн ашык аял катышып, алар "Эмгек, нан жана адилеттүүлүк" деген ураан алдында чыгышкан. Көп өтпөй Ооганстандын полиция кызматы нааразычылык акциясын уюштургандарга суу чачып, абага ок атуу менен аларды таркаткан.
Июль айынын башында Ооганстанды башкарган талибандар бардык чач тарачтар менен сулуулук салондорунун иштөөсүнө тыюу салган. Анда сулуулук салондору Ооганстандагы үй-бүлөлөргө “ашыкча жүк” болуп, каш терүү жана чач коштуруу шариятка каршы келерин айткан. Буга чейин Ооганстандагы аялдар бул чечим "аялдардын иштөө мүмкүнчүлүгүн жок кылып жатканын" айтышкан. Ал эми Ооганстандын соода палатасынын маалыматында, сулуулук салондорунун жабылышы 60 миң жумуш орунунун жок болушуна алып келери жазылган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын март айында Ооганстандын Билим берүү министрлиги орто жана жогорку класстагы кыздарга мектепке барууга тыюу салган. Сентябрь айында сабактарга жалаң эркек балдар жана эркек мугалимдер кабыл алынган. 21-декабрда аялдарга дагы ЖОЖдордо окууга тыюу салынганы белгилүү болгон. Ал эми эртеси ооган кыздарына башталгыч мектепке барууга да тыюу салынып, өлкө боюнча аялдардын билим алуусу жокко чыгарылган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.