Чүйдөгү Аламүдүн суусуна агып кеткен кичинекей кызды издөө иштери дагы деле уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерин улантууга 21 куткаруучу чыкты.
Эске салсак, 18-июлда Аламүдүн суусунун жогору тарабында С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, анын артынан кызын куткарам деп 27 жаштагы А.Э. аттуу аял киши сууга түшүп кеткен.
Ошол эле күнү куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кыз табылган эмес.