Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннелде 20-июлдан тарта жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Чектөө графиги:
- Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;
- Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.
Буга чейин Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр узартылгандыгы тууралуу маалымат берилбегендигине айдоочулар нааразычылыгын билдирген.