"Пиар эле кыласыңар...". Төө-Ашуудагы тоннелдин маал-маалы менен жабылуусуна айдоочулар нааразы болууда

Төө-Ашуудагы тоннелдин маал-маалы менен жабылуусуна айдоочулар нааразы болууда. Бул тууралуу экс-депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 20-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин берген маалыматы боюнча Төө-Ашуудагы киргизилген чектөөлөр 18-июлда алынмак экенин белгилеп, бирок бүгүн да тоннелди таң эрте жаап салганына нааразычылыгын билдирип, министр Тилек Текебаевге кайрылган.

"Ары-бери каттаган карапайым эл эки сааттан бери эч себепсиз күтүп турушат. Кошумча маалымат берип койсоңор болмок да, "чектөөлөр узартылды" дегендей. Экинчиден, сиз 10-июлда "асфальт төшөө иштерин эки жумада бүтүрөсүңөр" деген тапшырмаңыздын канчалык аткарылганын билсеңиз керек? Пиар эле кыласыңар, элдин кыжырын качан тыясыңар?", - деп жазды Момбеков.

Анын пикирин бир катар Фейсбук колдонуучулары кубаттап, иш аябай жай жүрүп жатканын айтышкан.

"Бир метр дагы асфальт төшөлө элек", "Сөздөн ишке өтсөк жакшы болмок", "Тоннелди быйыл бүтпөйт, 4 эле киши иштеп жатат" деген өңдүү пикирлерди калтырышкан.

Аларга министрдин кеңешчиси Мурат Соорбеков жооп берип, "Асфальт төшөө иштери эле калды, жакында бүтөт. Министр айрым адамдардын жоопкерчилигин карайбыз деди", - деп жазды.

Белгилей кетсек, 9-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыдагы аптада Төө-Ашуудагы тоннель күнүнө 10 саатка чейин жабыларын билдирген. Анда тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталары айтылган. Ошондой эле министр Тилек Текебаев жолду асфальттоону 2 жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырганы кошумчаланган.

Ал эми 12-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин ичинде жолдорду оңдоо иштери башталганын кабарлаган. Анда тоннелдин ичиндеги жолду оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу 12-июлдан 18-июлга чейин жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилери айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан