Ысык-Көлгө эс алууга барган министрлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Министрлер кабинетинин быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал министрлер машина менен ары-бери койкоңдоп же көлгө барганды токтотушу керектигин белгиледи.
"Биз көп иштешибиз керек, бизде эс алуу деген болбошу керек. Айрыкча көлдө шорты кийип алып күнгө кактанып жаткан бир дагы министр болбошу керек, бирөөңөрдү дагы көрбөйүн. Мен бул боюнча өзүм чара көрөм. Үйүңөрдөн эс алгыла жана иштегиле. Министр болуп келдиңерби - иштегиле! Эс алуу деген бизде болбойт", - деди Ташиев.