Өлкө башчы Садыр Жапаров Сауд Арабия падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында кичи ажылыкка барды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Умра учурунда Садыр Жапаров Ыйык Каабанын ичине кирип намаз окуду. Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 18-июлда Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына иш сапары менен учуп кеткен.