Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдардын тизмеси жарыяланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 20-июлда өкмөттүн биринчи жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы боюнча жыйында эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдарды тизмектеди.

Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасын аткаруу планы 554 иш-чарадан турарын, азыр анын 92си аткарылышы керек болсо, 71и (77 пайызы) бүткөнүн билдирди.

Анын айтымында мекемелердин ишин баалаган мониторинг атайын иштелип чыккан ыкманын негизинде жүргүзүлдү.

Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдардын тизмеси:

- “Мыкты” деген баага 11 мамлекеттик орган — Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Билим берүү, Тышкы иштер, Энергетика министрликтери, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустары жана Бишкек менен Ош шаардык мэриясы татыды;

- “Жакшы” деген баага сегиз мекеме — Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Ички иштер министрлиги, президенттин Ысык-Көл жана Чүй облусундагы өкүлчүлүктөрү, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги татыды;

- Төрт мекеменин иши “канааттандырарлык" деп бааланды. Алар — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү, Жарандык коргоо агенттиги;

- "Канааттандырарлык эмес" деген баа менен — Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги.

Ошондой эле өкмөт башчы быйыл биринчи жарым жылдыкта экономиканын бардык багыттарында өсүш болгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан