ЭЛДИК КАБАР: Тургун Чолпон-Атадагы автобекеттин шарттарына нааразы болду

Бишкек шаарынын тургуну порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, Чолпон-Атадагы автобекеттин шарттарына нааразы болду.

Ал автобекетте жарыктын, таштанды челектердин жоктугун айтты.

"16-июлда Бишкектен Чолпон-Атага көлгө түшкөнү барганбыз. Кечинде үйгө кетели деп автобекетке барсак капкараңгы экен, жарык жок, жол көрүнбөйт. Таштанды челектери да эски, ичине таштанды батпай сыртында чачылып жатат. Аялдар үчүн намазкана таппай койдук. Өзбекстандан, Казакстандан келген туристтер бар экен, караңгы жерде отурушту. Отургучтары да сынык", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан