Өлкө башчы Садыр Жапаров 20-июлда “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу болуп саналат. Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жаракат алган, майыптыгы бар деп таанылган жарандарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул каралган.