20-июлдан тарта Ташкенттин айрым борбордук көчөлөрүндө түнкү жарыктандырууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын борборундагы көчөлөрдү жарыктандырууга жооптуу "Тошшахарнур" ишканасы билдиргенин өзбек басылмалары жазып чыкты.
"20-июлдан тарта Ташкенттин айрым борбордук көчөлөрүндө түнкү жарыктандыруу убактылуу өчүрүлөт" деп билдирген мекеме. Ошондой эле ишкана мындай чечим абанын температурасынын кескин жогорулашына байланыштуу экенин кошумчалаган. Ал эми өзбек басылмалары өчүрүүлөр өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу экенин белгилешүүдө.
Учурда мындай чектөө канча убакытка чейин созулары азырынча айтыла элек. Ал эми Узгидромет кызматы кийинки жумада абанын температурасы 44 градуска чейин жетиши мүмкүн экенин билдирген.
Эске салсак, буга чейин Ташкентте мындай чектөөлөр 2022-жылдын ноябрь айында да болгон. Анда борбордук көчөлөрдөгү жарыктандыруу жана иллюминациялар гана өчүрүлүп, турак жайлар менен махаллалар адаттагыдай эле жарыктандырылган. Бул ирет кандай чаралар көрүлө турганы боюнча маалымат бериле элек.