Буга чейин порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө тургундар Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылындагы көпүрөдө чоң жарака пайда болгонун кабарлаган.
Бул боюнча бүгүн, 21-июлда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын башчысы Нурсултан Матисаков суроолорубузга жооп берип жатып аталган аймакта жаңы көпүрө куруларын билдирди.
"Биз тиешелүү реакция жасап, азыркы учурда жарака кеткен көпүрөнүн жанына жаңы көпүрөнүн курулуш иштерин баштоо алдында турабыз. Ага болжолдуу түрдө 22 миң 500 сом керектелет, бюджеттен акча бөлүндү. Ал эми эскилиги жеткен көпүрө 1970-80-жылдары эле курулган", - деди Матисаков.