"РИА Новости" агенттигинин аскердик кабарчысы Ростислав Журавлев Украинанын атайын операция зонасында аткылоо учурунда каза болгонун агенттиктен маалымдашты.
Ошондой эле "РИА Новости" агенттигинин фото журналисти Константин Михальчевский да жаракат алган.
Атышуу Пятихатки айылына жакын жерде болуп, бир топ журналисттер аткыланган.