Орусиянын Невянск шаарындагы колонияда ар кандай кылмыштар менен соттолгон 32 кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Свердлов облусу боюнча башкы башкармалыгынын Невянск шаарындагы №46 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандарынан кабар алышты.
"Соттолгондорго жазаны андан ары өтөө үчүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуунун жана Кыргызстанга которуунун тартиби, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин инсандыгын ырастаган документтер жок болгон учурда аларды документтештирүүнүн жол-жоболору түшүндүрүлдү. Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп беришти", - деп айтылат маалыматта.