"Каза болгондор бар". Москвада соода борборлорунун биринде ысык суу түтүгү жарылды

Москвадагы "Времена Года" соода борборунда ысык суунун түтүгү жарылып каза болгондордун саны төрт кишиге жеткенин Москванын мэри Сергей Собянин Telegram баракчасына билдирди.

"Соода борборундагы кырсык дагы төрт адамдын өмүрүн алды. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз. Куткаруучулар ишин улантышууда", — деп жазган ал.

Буга чейин мэр Москвадагы “Времена года” соода борборунда ысык суу түтүгү жарылып кетишинен чоң кырсык болгонун, күйүк алгандар бар экенин айткан.

Окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы алдын ала маалымат боюнча, кыргыз жарандар жок экендигин айтты.

"Кыргыз жарандары жок деп айтышты. Консул жеринен барып көргөнү кетти. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат күтүп жатабыз. Бул боюнча кошумча маалымат берилет", - деп билдирди министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан