Грецияда Родос аралында токой өртү коркунучу бар. Мейманканалардын баары жабылды. 2 миңден ашык турист эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Грециянын өрткө каршы кызматынын басма сөз катчысынын орун басары Иоаннис Артопиос аралдагы токой өрттөрү Киотари айылындагы үч мейманканага жеткенин ырастады. Өрт коркунучу астында калган мейманканалардын коноктору аралдан деңиз аркылуу алынып келинген.
Өрткө каршы кызматынын өкүлүнүн айтымында, мейманканаларды эвакуациялоо «көйгөйсүз», учурда адамдар коопсуз. Ал ошондой эле "Родосто жүргүзүлгөн алдын алуу эвакуациялары аралдын туристтик жайларынын 10 пайызынан азыраак бөлүгүнө тиешелүү" деп тактады.
Буга чейин Грециянын Родос аралындагы токой өрттөрү Киотари айылына жакындап калганы айтылган. Катуу шамал өрттүн жайылышын күчөтүүдө. Өзгөчө кырдаал кызматкерлери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жаткандыгына беш күн болдц. Бирок ал тынымсыз жаңы күч менен күйүүдө. Өрттү өчүрүүгө 173 өрт өчүрүүчү, 35 техника, беш тик учак жана үч учак тартылды.