Ооганстанда сел 20дан ашуун адамдын өмүрүн алды

Ооганстандын борборундагы Вардак провинциясында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болду. Кеминде 40 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Жүздөгөн үйлөр кыйрап, айыл чарба жерлери жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, кээ бир жолдор, анын ичинде Бамиян жана Кабул шаарларынын ортосундагы унаа жолдору да жабылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Пакистанда селден кеминде төрт адам, анын ичинде бир бала набыт болгону кабарланган. Ага Индиянын түндүгүндө уланып жаткан жамгыр себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан