Япон футболчуларынын оюндан кийинки кийим алмаштыруучу жайы ФИФАны таң калтырды

Футбол боюнча Япониянын кыз-келиндер курама командасы Жаңы Зеландия менен Австралияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычындагы оюнунан кийин ФИФАдан ыраазычылык алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Замбияны жеңгенден кийин (5:0) япон футболчулары кийим алмаштыруучу бөлмөсүн кылдаттык менен тазалап кетишкен. Чемпионаттын твиттердеги расмий баракчасына ФИФА жапон тилинде "Рахмат" деген жазуусу бар кийим алмаштыруучу жайдын сүрөтүн жарыялады.

Оюн Жаңы Зеландиянын Гамильтон шаарындагы Вайкато стадионунда өткөн. "С" тайпасындагы кийинки жолугушууда Япония биринчи турда Испаниядан жеңилип калган Коста-Рика менен ойнойт. Оюн 26-июлда Дунедин шаарындагы "Форсайт Барр - Отаго" стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан