Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Венгрияга барат

Бүгүн, 24-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгрияга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалымдалгандай, иш сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалыгы астында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйыны өтөт.

Мындан сырткары, министрдин Венгрия парламентинин, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушуулары, ошондой эле башка жолугушуулар белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан