Орусияда 8 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москва шаарынын аймагынан мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө топ башчылардын бири деп эсептелинген 1983-жылы туулган Б.С. аттуу Кыргыз жараны кармалды. Ага 2015-жылы "адам уурдоо", "мыйзамсыз эркинен ажыратуу" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.
Шектүү 2015-жылдан бери Орусияда тууганынын паспортун колдонуп, жашырынып жүргөнү белгилүү болду.
Кармалган жаран 2009-жылы Ош облусунун Араван районунда шекриктери менен бирге курал колдонуп, 33 жаштагы жаранды күч менен унаага салып, алып кетишкен. Андан соң аны зордук-зомбулук менен коркутуп, 100 миң доллар талап кылып алышкан. Жабырлануучу бир нече жылдан кийин ички иштер органдарына кайрылган. Кылмыштын башка катышуучулары мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан.
Издөөдөгү шектүү Орусиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Улуттук гвардиянын жоокерлери жана ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү биргелешип жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында колго түшүрүлгөнү айтылды. Учурда экстрадициялоо маселеси 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык чечилип жатат.