Кечээ, 23-июлда Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институнун маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 23-июлда саат 20:25те катталып, күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн күчү Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.