Бүгүн, 24-июлда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 26-июль саат 14:00гө чейин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/vuz системине катталып, бере алат.
Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.