Бүгүн, 24-июлда Бишкектин Ленин районунда ири өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Лазурный көчөсүнүндо жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, 1 штаб тартылган.
Саат 11:24тө чектөөгө алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.