Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде аталаш тууганы Улан Жапаровдун кармалышы боюнча комментарий берди.
Президентке "Иниңиз Улан Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелип кармалды. Жакында эле баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды. Ушул боюнча кандай комментарий бере аласыз?" деген суроо берилген.
"Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң.
“Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: "Бирге жаза, миңге сабак" деген. Мына менин комментарийим", - деп жооп берген Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча шектелип, Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган.