Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстанда болуп жаткан суу тартыштыгы боюнча билдирүү жасады.
Президент өз билдирүүсүндө суу тартыштыгы БСРлердин аз болгондугунан келип жатканын, эмдиги жылдан баштап БСРлер курула баштарын айтты.
"Биринчиден албетте жалпы дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү менен, жылдар өткөн сайын суунун азайып бараткандыгы.
Экинчиден бизде, суунун башында турган Кыргызстанда суунун тартыштыгы болуп жаткандыгынын эң негизги себеби - эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСРдин, БДРдин, суу сактагычтын курулбагандыгы (ред:. БСР – күн сайын жөнгө салынуучу бассейндер (бассейны суточного регулирования)). Илгерки союз мезгилинде курулган БСРлер гана иштеп турат. Эмдиги жылдан баштап БСРлерди курууга бардык күчтөрдү жумшайбыз. Акчалардын баарын ушул тармакка бөлөбүз. БСРлерди курабыз. БСРлер курулгандан кийин суу көйгөйү чечилет.
БСРлер жетишпесе Чүй өрөөнүн, Бишкек шаарды суу менен кантип толук камсыз кылмак элек? Мен “жардын кырына келген” Кыргызстанды колума алгам. Четинен баардык проблеманы командабыз менен биргеликте чечип келе жатабыз. Кудай буюрса алдыда келе жаткан жылдарда бардык проблемаларды, анын ичинде суу маселесин да чечебиз. Эгемендүүлүк алган 33 жылдын ар бир жылы бирден БСР, бирден эле ГЭС куруп турушканда азыр 33 ГЭС, 33 БСР иштеп турмак. 33 ГЭС бери дегенде 300 мегаватт электроэнергия берип турмак. Мен бир эле тармак боюнча мисал келтирдим. Айта берсем маселе көп. Чыдаш керек. Чечебиз баарын. Убакыт керек", - деди Жапаров.