Жонни Депп Будапешттеги мейманканалардын биринде эс учун жоготкон абалда табылды

Америкалык актёр Жонни Депп Будапешттеги мейманканалардын биринде эс учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу венгриялык Blikk басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Будапештте актёрдун "Hollywood Vampires" аталышындагы музыкалык тобунун концерти болмок. Бирок Депп концерттин алдында аудио жабдууларды орнотууга келген эмес. Көп өтпөй актёрду кесиптештери мейманканадагы бөлмөсүнөн эс учун жоготкон абалда табышкан.

Учурда актёрду абалы жана ден соолугунун начарлашынын себептери айтыла элек.

Белгилей кетсек, Жонни Депп америкалык актёр, кинорежиссёр, музыкант жана продюсер болуп саналат. Аны көпчүлүгү "Чарли жана шоколад фабрикасы", "Эд Вуд", "Алиса кереметтер дүйнөсүндө" тасмалары, өзгөчө "Кариб деңизинин каракчылары" тасмасындагы капитан Жектин ролу аркылуу таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан