Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы 70тен ашык атайын техника сатып алды (сүрөт) 

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника жана жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, борбор калаага 61 техника жана 16 даана жабдуусу менен жалпы 76 атайын техника сатылып алынды. Техникаларды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.
"Атайын техникалар "Бишкекжашылчарба", "Бишкексуучарба", "Бишкекжарык", "Бишкекшаарлифт", "Бишкекасфальтсервис", "Тазалык" жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканалары үчүн алынды. Мындан тышкары "Бишкексуучарба" МИге дагы бир атайын техника келүүсү күтүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Жаңы техникалардын арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсиниратор жана башкалар бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан