Иордания Амман шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасында (U 20) Азия чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар 12 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, анын 4өө күмүш жана 8 коло.
Эркин күрөш боюнча – үч коло:
- Юхан Доктурбек 57 килограммга чейинки салмак категориясында;
- Акылбек Урматов 61 килограммга чейин;
- Аден Сакыбаев 65 килограммга чейин.
Грек-рим күрөшү:
- Акыл Сулайманов (60 килограммга чейин) – күмүш медаль;
- Алибек Бердиев (77 килограммга чейин) - күмүш медаль;
- Ырысбек Калиев (82 килограммга чейин) - күмүш медаль;
- Азамат Камилжан уулу (55 килограммга чейин) – коло медаль;
- Баяман Каримов (63 килограммга чейин) - коло медаль;
- Абдулазиз Аскарбеков (72 килограммга чейин) коло медаль;
- Жениш Жумабеков (87 килограммга чейин) - коло медаль;
- Исамил Гасанов (130 килограммга чейин) - коло медаль.
Кыз-келиндер күрөшү:
- Гулнура Таштанбекова 68 килограммга чейинки салмак категориясында - күмүш медаль.