Садыр Жапаров "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.

Ал Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган.
Ошону менен бирге конституциялык мыйзам Элдик курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат:
- Элдик курултайды өткөрүү мезгилине шайлануучу делегаттардын сандык курамы аныкталган;
- делегаттарга талаптар, делегаттарды шайлоонун принциптери белгиленген;
- Элдик курултайда каралуучу маселелер, ыйгарым укуктары, башкаруу органдары, ошондой эле Элдик курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу тартиби аныкталган.

Мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Эл өкүлдөрүнүн сын-пикиринен кийин аны кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттык топ түзүлгөн.

Топтун башчысы, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1070ден 700гө азайтылганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан