Бишкекте кичи автобустун ичинен сырттагылардан ыйлап жардам сураган аял арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул факты Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Анын алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган кичи автобустун айдоочусу А.К аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө чакырылган. Бул факты боюнча жаран К.Н. жолдошуна дооматы жок экенин айтып, жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Өз кезегинде К.Н. аттуу жаранга коргоо ордери чыгарылды.
Кечээ, 24-июлда социалдык тармактарда Бишкектеги Asia Mall соода борборунун жанында кичи автобустун ичиндеги аял сырттагылардан ыйлап, жардам сурап жаткан видео тараган. Бирок аны айдоочу чыгарбай, унааны айдап кеткен.