Коңшу Казакстандын Костанай облусундагы "Кара бүркүт" абагында эне менен баланын алгачкы узакка созулган жолугушуусу болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, бул Казакстандын Жазык-аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам мүмкүн болду. Ага ылайык, 2023-жылдын 17-мартынан тарта өмүр бою эркинен ажыратылган адамдардын мекемесинде "узак жолугушуулар" беренеси кошулган.
Кошулган беренеден улам өмүр бою соттолгон Х. аттуу жаран жакындары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алды. Ал дээрлик 25 жылдан бери көрүшпөгөн апасы жана агасы менен жолуккан.
Соттолгон Х. 2004-жылы "Кара бүркүт" абагына келген. Ал кылмыштуу топ түзгөнү үчүн жазасын өтөп жатат.
Буга чейин Казакстанда соттолгондор менен бардык жолугушуулар темир тордун аркасында жана колу кишенделип гана жүргүзүлчү.