Казакстанда чет элдик жарандын 4 жаштагы кызды тепкен видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.
Казакстандын жергиликтүү басылмаларынын маалыматына караганда, окуя 23-июлда Алматы облусундагы соода борборлордун биринде болгон. Анда Түркиянын жараны 2019-жылы туулган кыздын денесине залал келтирген. Аталган жаран 4 жаштагы кызды катуу тепкендиктен, ал жерге бети менен кулап түшкөн. Көп өтпөй жабырлануучунун апасы полиция кызматына кайрылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1998- жылы туулган түркиялык жаран кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган берене боюнча айып пул салынышы мүмкүн же 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.