Мурдагы министр Динара Кутманова кармалды

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда УКМКнын басма сөз кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Динара Кутманова кармалган.

"Д.А.Кутманова Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган.

Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдиси), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Ошондой эле каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Д.А.Кутманова тарабынан комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды", - деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулун Түркиядан Кыргызстанга депортациялоо чаралары көрүлүп жатат.

Ал эми Динара Кутманова кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан