Израилде сот укугун чектеген мыйзамга байланыштуу он миңдеген адам нааразычылыкка чыкты (видео)

Израилдин борбору Тель-Авивдин борбордук трассасында оң миңдеген адам кабыл алынган мыйзамга нааразычылык акциясын уюштуруп жатат. Бул тууралуу Израилдин Ynet басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, кечээ, 24-июлда Израилдин парламентинде Жогорку Соттун ыйгарым укуктарын чектеген сот реформасы боюнча мыйзам кабыл алынган. Анда Жогорку Соттун ыйгарым укуктары чектелип, аткаруу бийлигине сотторду тандоону көзөмөлдөөгө укук берилген. Ошондой эле Жогорку Соттун өкмөткө карама-каршы келген чечимдерге бөгөт коюу укугу алынып салынган.

Учурда жарандар мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгып, көчөлөрдө нааразычылык акцияларын уюштурууда. Укук коргоо кызматкерлери демонстранттарга каршы атайын техникаларды, суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газдарды колдонууда.

Аталган өлкөдөгү дарыгерлер болсо бүгүн жумушка чыкпай турганын, зарыл болгон бейтаптарга гана жардам кызматы көрсөтө турганын буга чейин билдиришкен.

Ynet порталынын маалыматына караганда, чогулгандардын бир бөлүгүн унаа сүзүп, анда төрт адам жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, дарыланып жатканы айтылууда.

Израилде сот укугун чектеген мыйзамга байланыштуу он миңдеген адам нараазычылыкка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан