Кыргызстанда акыркы жылдары иш менен камсыз болгондордун саны өсүп, жумушсуздуктун деңгээли төмөндөөдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында 15 жана андан жогорку курактагы жумушчу күчүнүн жалпы саны 2 миллион 713 миң адамды түзгөн. Алардын ичинен 2 миллион 581 миңи иштегендер жана 131 миңге жакыны жумушсуздар экендиги аныкталган. Бул көрсөткүчтү 2021-жылга салыштырып караганда иштеген калктын саны 2 пайыз жогоруласа, жумушсуздардын саны 8 пайыз азайды дегенди билдирет.
Ал эми 2022-жылы жалпы калктын 57 пайыз иш менен камсыздалган. Алардын ичинен эркектердин иш менен камсыздуулук деңгээли 72 пайыз, аялдардыкы 43 пайызды түзгөн.