Таластагы "Киров" суу сактагычына чөгүп кеткен жигитти издөө үчүн бүгүн, 25-июлда 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Бүгүн, 25-июлда издөө иштерин улантуу максатында Талас облусунун башкармалыгынан ыкчам топ, Талас шаардык №17 ӨКБдан 4 суучул, Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпысынан 10 куткаруучу чыкты.
Эске салсак, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы "Киров" суу сактагычына 1 адам сууга чөгүп кеткендиги жөнүндө Айтматов райондук ӨК бөлүмүнө ИИБ кызматкерлери билдиришкен.
Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.