Казакстан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө арыз берет, бирок жакын арада эмес. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана спорт министри Асхат Оралов жергиликтүү басылмаларына билдирген.
"Бүгүнкү күндө футболдук команданын жыйынтыгы бизди абдан кубандырат. Биз үч жолу катары менен жеңишке жеттик, мындай жыйынтык көптөн бери боло элек. Сентябрь айында бизде жооптук оюндар болот. Биздин казакстандыктар оюнчуларды колдоо үчүн келишет деп чындап ишенем. Мен ишенем, качандыр бир кезде биз Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө арыз беребиз, бирок азыр күн тартибинде андай маселе жок", - деген Оралов.
Буга чейин интернетте "Казакстан менен Өзбекстан 2034-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө арызын берет" деген маалымат тараган.