Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Бир кабаттуу бала бакча 0,44 гектар жер тилкесин ээлеп, жалпы аянты 1314,14 чарчы метрди түзөт.
Имаратта оюн залы, буфет, ашкана, таркатма бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, тазалык түйүндөрү, кабыл алуу, медициналык кабинеттер, жетекчинин кабинети, музыкалык-гимнастикалык зал, методист бөлмөсү, персоналдык жана техникалык бөлмөлөр каралган.
Учурда аталган жайдын темир-бетон каркастарын куруу иштери аяктап, кирпич коюу жана чатырды жабуу иштери улантылууда.